Приветствую Вас, Гость
Главная » Статьи » Кыргызстандагы жаңылыктар » Саясат

Атай Өмүрзаков

Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков 12-февралда Киевде (Украина) өткөн «Украина Маэ таланты» аттуу теле дорбооруна катышып, финалга жолдомо алды. Бул тууралуу 1-мартта АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.

А.Өмүрзаковдун айтымында, бул долбоорго ар кайсы өлкөлөрдөн 30 миңдей талант катышкан. Алардын 50 катышуучусу супер финалга катышууга жолдомо алышты. Алардын арасында А.Өмүрзаков да бар.

Конкурстун биринчи турунда «Мистикалык мим» образында «Пластика» бийин көрсөткөн. «Калыстар тобу мага жогору баасын беришип, абдан жакшы кабыл алышты. Ал тургай калыстардын өздөрүнүн украиналык катышуучурын эмес, мени колдоп жаткандары байкалып турду. Орусиялык «Минута Славы» теле долбоору аркылуу жакшы таасир калтырсам керек», - деди Атай.

Ал белгилегендей, кийинүү формасы тарабынан дизайнер Ассоль Молдокматова жардам берген. «Сынакка катышууга көмөк көрсөткөн демөөрчүлөрүмө ыраазычылык билдирүү менен А.Молдокматованын эмгегин белгилеп коюу керек. Ал мага кийимдерди тигип берип, кайтарымсыз жардам көрсөттү», - деп кошумчалады ал.

А.Өмүрзаковдун айтуусу боюнча, конкурстун финалдык бөлүгү апрель айында өтөт. Учурда бийчи ага даярдык көрүп жаткан учуру. Ошондой эле, ал быйылкы жылдын акырында, мамлекет тарабынан колдоолор болсо, Америкада боло турган эл аралыкка сынакка катышуу ниети бар экенин билдирди.


Ошондой эле Атай Өмүрзаков жакында бий мектебин ачат, деп билдирди дизайнер Ассоль Молдокматова.

Анын айтуусу боюнча, Кырыгызстанда бий тармагы боюнча шоу-бизнесте татыктуу орду жана өзгөчө таланты менен жалгыз Атай жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болууп, эл аралык сынактарда кыргыздын желегин желбиретип келет.

«Учурда Атайдын бий өнөрүн үйрөнүүнү каалаган жаш балдар көп. Менин балдарым да Атайдай бийчи болсок деп кыялданып калышат. Эл тарабынан түшкөн сунуштар аркылуу буюрса жакында бий мектебин ачканы жатат. Бизде Атайдай таланттуулар бар экени сыймыктандырат. Бирок, мамлекет тарабына колдоо көрсөтүлбөй келет. Ушул жагы өкүндүрөт», - деди А.Молдокматова.

А.Өмүзаков белгилегендей, социалдык байланышта анын 43 миң досу бар. Анын 3 миңдейи бий мектеби ачылса, катышат элек деген өтүнүчү менен кайрылган.

«Кыргызстандагы бийчилер атайын Бийчилер ассоциациясын түзгөнбүз. Бий мектебин ачуу боюнча пландар менен иштеп жатабыз», - деди Атай.

Категория: Саясат | Добавил: kyrgyztur (08.03.2011)
Просмотров: 948 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]