Приветствую Вас, Гость
Главная » Статьи » Колдонуучулардан жаңылыктар » Шоу Бизнес

Депутат К.Ташиев жаңы коалиция түзүлүүсүн каалайт
«Ата-Журт» фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев «Баракелдеге» 23-мартта билдиргендей, анын жеке ою боюнча, азыркы коалиция таркап, башка жаңы коалиция түзүлсө жакшы болмок.

«Вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов тууралуу көп терс маалыматтар кетип жатат. Ушундан кийин менин жеке оюмча, бул коалиция таркап эле кетсе жакшы болмок. Эгерде А.Атамбаев биздин он талапты чындап аткара алса, анда эң сонун болмок. Көрөбүз, кандай болоорун, канчалык деңгээлде аткарат?», - деди К.Ташиев.

Белгилей кетсек, фракция лидери азыр ден соолугу начарлагандан бери атайлаштырылган ооруканада дарыланып жатат.



Источник: http://www.barakelde.org/news:11457/
Категория: Шоу Бизнес | Добавил: Murat (23.03.2011) | Автор: Алдозов Мурат E
Просмотров: 845 | Теги: парламент, коалиция, Ташиев, депутат | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
[ Регистрация | Вход ]